Актёр, режиссёр, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мурат Мамбетовго "Кыргыз Эл артисти" наамы ыйгарылды.
SUPER.KG порталы режиссёрду куттуктап байланышканда, кубанычтуу кабарды угуп, бир эсе сүйүнүп, бир эсе таң калуу менен кабыл алды.
"10 күн мурун президенттин администрациясынан чалып "2-сентябрда саат 7ге келиңиз, сыйлык тапшыруу болот" деп айткан. Жарлык чыга элек болчу. Жарлык чыккан турбайбы?
Эгер сен чыгармачылык жолунда: кино, театрда иштеп жүрүп эл сени таанып, сыйлап, эмгегиңди бааласа бул аябай кубанычтуу сезим, бакыт. Президент, өкмөт, Маданият министрлиги баалап, ушундай наам берип жатканы эки эсе кубаныч болду", - деп билдирди ал.