Кубанычтан көзүнө жаш алган Алтынай Нарбаева: "Наамды алуу үчүн беш жылдан бери документтеримди тапшырып келгем"

Эстрада ырчысы Алтынай Нарбаевага "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилди. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Наам алышы менен куттуктап, ырчы айымга байланышканыбызда кубанычтан улам көзүнө жаш алды.

"Эл артисти наамын алуу үчүн 5 жылдан берип документ топтоп, президенттик администрацияга жиберип келем. Жыл сайын жиберген документтерим кайра кайтарылчу. Бул жылы маданият тармагына 20 жылдан ашуун жасаган эмгегим бааланып, сыйлык алып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул наам мага дем-күч берди. Дагы да шыктанып, чыгармачылыгымды мындан да күчтөндүрөм деп ниеттенип турам. Жакшы ырларды жазып, мыкты клиптерди тартып, элим үчүн кызматымды арнай берем. Мындай наамдарды алуу менен эч кандай материалдык жардам деле болбойт. Болгону жасап жаткан жумушуңду мамлекет бааласа стимул болот экен", - дейт Нарбаева.

Алтынай Нарбаева "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын 2008-жылы алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан