"Бул күндү уктабай күткөн". Тамашоучулардын мектеп босогосун аттаган балдары

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн бардык мектептеринде Билим күнү белгиленип жаткан учуру. Биринчи жолу мектеп босогосун аттап, билим алуучулардын катарына кошулгандардын арасында тамашоучулардын уул, кыздары да бар.

Актёр Кубанычбек Курманбековдун уулу Жамил борбор калаадагы мектептердин биринде билим алууну баштады.

Тамашоучу, актёр жана сценарист Бакыт Осмонкановдун кызы Нурайым ак бантик тагынып, биринчи класска аттанды.

"Эки уул, жалгыз кызым болсо, албетте, толкундануу болду. Өзү да бул күндү уктабай күткөн эле", - деди ал.

Биринчи класска баргандардын арасында шоумен Санжар Мыкыевдин тун кызы Фатима да бар.

Тамада, алып баруучу Кубат Кубанычбековдун кызы Аиша быйыл 1-класска аттанды.

Тамашоучу, актёр Актан Рыскелдиевдин тун уулу Жантай дагы окуучу аталып, мектеп босогосун аттады. Айтымында, ал менчик мектептердин биринде окуйт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан