Ата-энелердин назарына: О! түйүнүндѳ мектеп окуучулары үчүн жеӊилдетилген тариф бар

О! Мобилдик оператору социалдык миссиясын улантып, мектеп окуучулары үчүн жеӊилдетилген «Окуучу» тарифин берет. Долбоор 2020-жылдан бери КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып келе жатат.

«Окуучуларга арналган тариф О! операторунун маркетологдорунун 2020-жылдагы локдаун мезгилинде аралыктан окууга колдоо кѳрсѳтүүнүн алкагында толугу менен акысыз камсыз кылынган ѳзгѳчѳ иштеп чыгуусу болду. Сунуштун популярдуулугу жогорку деӊгээлге чыккандыктан, компанияда тарифти калтырып, жеӊилдетилген түргѳ ѳткѳрүү чечими кабыл алынган. Тарифтин шарттары толук кандуу билим алуу үчүн керек болгон бардык талаптарды эске алуу менен иштелип чыкса, баасы мүмкүн болушунча минималдуу коюлган», – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

1 жумага 95 сомдук же 4 жумага 285 сомдук тарифтердин бирин тандап алса болот. Мектеп окуучусу окуу жана достору менен баарлашуу үчүн керектүү бардык мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ боло алат:

  • ЧЕКСИЗ WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom жана Google Classroom;
  • Видео сабактарды онлайн кѳрүп чыгуу үчүн O!TV тиркемесинен «O!TV Окуу» топтомуна АКЫСЫЗ кирүү;
  • «МОЙ О!» тиркемесинен электрондук окуу китептери, жүгүртмѳлѳр менен видео сабактар жайгашкан «Мектеп» бѳлүмүнѳ, ошондой эле билим берүүчү «ЯКласс» онлайн-ресурсуна АКЫСЫЗ кирүү;
  • EDU.GOV.KG, ibilim.kg, bb.edu.gov.kg, kitep.edu.gov.kg аралыктан окуу порталдарына АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү.

Тарифти кошуу үчүн туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк гана талап кылынат. O!Store дүкѳндѳрүнүн бирине келип, же болбосо «Мой О!» тиркемесинен онлайн кошуп алууга болот. Тиркемени жүктѳп, «Тарифтер» менюсуна кирип, «Окуу үчүн» категориясын табыӊыз. Атайын форманы толтуруӊуз. Ѳтүнмѳӊүз текшерилген соӊ, тариф бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ катталуу ишке ашырылган телефондун номерине кошулат. Эгерде мурда каттоодон ѳткѳн болсоӊуз, анда жѳн гана *155*92# буйрутмасын териӊиз.

Баса…

Сизде балаӊыздын телефонунун балансынан кабардар болуп туруу мүмкүнчүлүгү да бар. Бул үчүн «Мой О!» тиркемесинен «Менин номерлерим» акысыз опциясын кошуп коюӊуз. Зарылчылык келип чыкканда, анын балансын ушул эле жерден «О!Деньги» капчыгы аркылуу толуктап коё аласыз. Ошондой эле, окуучу балаӊыздын номериндеги гигабайттардын, мүнѳттѳрдүн калдыгын текшерип, керектүү кызматтарды кошуп койсоӊуз болот. Ал эми «Кайдасыӊ?» жана «Балдар кайда?» сервистеринин жардамы аркылуу баланын кайсы жерде жүргѳнүн ага ашыкча чалбастан эле аныктай аласыз.

О! Мобилдик оператору – бирге окуйбуз.

Тарифтер жѳнүндѳ толук маалыматты o.kg сайтынан табасыз. Баалар салыктардын баарын эске алуу менен кѳрсѳтүлгѳн. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ №037 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан