"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 32 жашка толду.
Ал Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.
Ырчы 2018-жылы апрель айында кесиптеши, сүйүктүүсү Асел Кадырбековага баш кошкон. Таттуу түгөйлөр алгач калың элден бата алуу максатында той-концерт өткөрүшкөн. Ал эми заманбап үлпөт тоюн май айында өткөрүшкөн.
Түгөйлөр 2019-жылдын 27-мартында кыздуу болушуп атын Дария коюшкан.