«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы «Мыкты салык төлөөчү» сыйлыгын алды

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө чоң салым кошкондугу жана салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 2021-жылдын жана 2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча мыкты салык төлөөчү деп табылды.

Мунай жана газ тармагындагы кызматкерлеринин кесиптик майрамынын алдында «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» сертификатын тапшырды.

Жогоруда аталган убакыт аралыгында «Газпром Кыргызстан» компаниясынын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 1 миллиард сомдун тегерегиндеги каражатты түздү.

Компания тууралуу: «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы – «Газпром» ПАКтын 100% туундуу компаниясы. Компания Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын жеткирүү, бөлүштүрүү жана сатуу менен алектенет.

Компаниянын миссиясы – колдонуучуларды ишенимдүү, натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу, республиканын жаңы райондорун газдаштыруу, ошондой эле газ жеткирүүчү, жер алдындагы сактоочу жана бөлүштүрүүчү объекттерди модернизациялоо жана оңдоо.

2014-жылдан 2022-жылга чейин компания тарабынан республиканын газ инфраструктурасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө 30 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан