Тажикстандын жарандары Лейлектеги үйлөрдү өрттөп жаткан видео тарады

Тажикстандын жарандары үйлөрдү өрттөп, талкалап жаткан видео тарады. Ал болжолдуу түрдө өткөн жылы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Түркия мамлекетинин колдоосу менен салынган үйлөр.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медпункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатканын билдирген.

16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.

Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды турукташтырууга жана жаңжалды ырбатпоого бардык күчүн жумшоодо. Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугуп ок атышууну токтотуу боюнча эки тараптуу макулдашуу болгон.

Ал арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашкан.

Саат 18:30га карата тажик тарап жетишилген макулдашууларды бузуп, Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер конуштарындагы кыргыз чек арачыларына кайрадан ок чыгарган. Ал эми Баткен районунда тажик тараптан бир убакта бир нече ок чыгаруучу реактивдүү система колдонулгандыгы катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын куралдуу кол салуусун токтотууга мажбурлоо үчүн жооп кайтарууга аргасыз болууда.

Лейлектеги үйлөрдү өрттөп жаткан видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан