Тажикстандын кол салуусу: Депутаттар жыйынды бир мүнөт унчукпай туруу менен баштады

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин жана Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү жыйынды бир мүнөттүк унчукпай туруу менен баштады.

Жыйынды бир мүнөт унчукпай туруу менен баштаган депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 59 жаранды эскерип, аларга таазим кылышты.

16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 163 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан