О! Мобилдик оператору каргашалуу окуяларда каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Азыр ар бир кыргызстандыктын болуп жаткан окуялардан жапа чеккен мекендештердин кайгысын тең бөлүшүп, жүрөгү тилинип отурган кези. Жалпы эл үчүн оор мезгилде ар бир каалоочу жардамга муктаж жарандарыбызга колдоо көрсөтө алат.
«О!Деньги» капчыгы жана О! төлөм терминалдары аркылуу каалаган сумманы Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары которуу мүмкүн.
«О!Деньги» аркылуу каражаттарды кантип которсо болот:
Жардамды төлөм терминалдары аркылуу которуу жолу:
Чогулган каражаттардын баары мамлекеттик бирдиктүү эсепке которулат. Алуучу – өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.
Өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.