Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун кызматкерлери Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам жөнөтүштү

Өлкө үчүн оор күндөрдө Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен жабыркагандарга жана коопсуз жерлерге көчүрүлгөндөргө жардамдарын беришти. Алар КРнын Финансы министрлигинин бирдиктүү эсебине жабыркагандар үчүн жалпы суммасы 4 миллион сомго жакын каражатты которушту.

Ушундай кайгылуу күндөрдө кыргыз эли орду толгус жоготууга учурап, Кыргыз Республикасынын чек арасын өз жанын аябастан коргогон жаш баатырларды жерге берип отурабыз.

Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун жетекчилиги жана кызматкерлери Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн кайгылуу окуялардын жыйынтыгында каза болгон жоокерлердин жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтат жана чыр-чатактын кесепети кыска мөөнөттүн ичинде жоюлат деп ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан