Садыр Жапаров Швейцариянын президенти Иньяцио Кассис менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын президенти Иньяцио Кассис менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Жолугушууда мамлекеттер үчүн эки тарапка тең пайдалуу болгон бардык багыттар боюнча кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал талкуулангандыгы айтылат.

Эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров кыргыз тарап Швейцария менен саясий диалогду активдештирүүгө кызыкдар экендигине көңүл бурду. Мындан тышкары, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга карата Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана бардык деңгээлдеги туруктуулукту жогорулатуу маселелерине чоң маани берет.

Ал Швейцариядагыдай эле Кыргызстанда да мөңгүлөрдүн эриши бүтүндөй аймактын суу-энергетикалык балансына таасирин тийгизип, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизери шексиз экенин белгиледи.

Чек арадагы кырдаал тууралуу сөз кылып, президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун билдирди.

"Өз кезегинде Швейцариянын президенти Иньяцио Кассис эки тараптуу жакшы мамилелерди чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү ниетин баса белгиледи. Ал президент Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн башынан бери баштап келе жаткан бардык демократиялык демилгелерин колдоого даярдыгын белгиледи. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Иньяцио Кассис Мамлекет башчысына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу көңүл айтты",- деп айтылат маалыматта.

Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча кеңири маалымат үчүн ыраазычылык билдиргендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан