Шакиев мекен коргоп курман болгон Эламан Ураимовго "Эл баатыры" наамын берүүнү сунуштады

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нурлан Шакиев Тажикстандын кол салуусунда мекен коргоп курман болгондордун ысымдарын өлкөдөгү шаарларга жана андагы көчөлөргө ыйгарууну сунуштады.

"Баткенде орун алган коогалаңда курман болгон баатырларыбызга таазим этүү максатында өлкөбүздүн көчөлөрүнө, шаарларына ысымдарын ыйгаруу сунушу элден келүүдө. Бул эң туура көтөрүлүп жаткан маселе. Себеби биздин аскерлерибизге, жаштарбызга чоң дем-күч болот. Айрыкча Эламан Ураимовго жасаган эрдиги үчүн сөзсүз түрдө "Эл баатыры" деген наам беришибиз керек. Азыркынын Чолпонбайы, Шопокову ушул азаматтар",- деди ал.

Белгилей кетсек, Тажикстандын баскынчылык аракеттери учурунда 29 жаштагы Эламан Ураимов Тажикстандан аскерий жана белгисиз адамдарды Кыргызстанга киргизбөө үчүн өзүн граната менен жардырып курман болгон. Эламан Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон. Ал 16-сентябрда башка офицерлер жана жоокерлер менен бирге Достук айылындагы өзүнүн постунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жүргөн. Маалыматтарга караганда, кыргыз жоокери агрессорлорду жок кылуу үчүн граната менен өзүн жардырган. Белгилүү болгондой, Эламан Ураимов Бишкек аскердик институтун аяктаган. Ал Алай районунан болот.

Бүгүнкү күнгө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан