Ноябрь айынын аягында жеңесинин ур-токмогунан улам комага түшкөн 1 жаш 8 айлык Мирана дагы да болсо эсине келе элек. Бул тууралуу 5-декабрда №3-балдар ооруканасынын дарыгерлери билдиришти.
“Наристенин абалы оор бойдон. Компьютердик томография жасадык, жылыш жок. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө” деп маалымат беришти ак халатчандар.
Эске салсак, 27-ноябрда Жалал-Абад облусунун 35 жаштагы тургуну Д. Гүлмира кайнисинин кызын сабап, наристе оор абалда ооруканага жаткырылган эле. Катуу соккудан анын мээси чайкалып, башынан ар кандай жаракаттарды алган.