Бишкекте 5-декабрда Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин 5-кабатынан Украинанын жараны кулап кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам ал ошол жерден жан берген. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Окуя болгон жерге райондук ыкчам иликтөө тобу барып, анын 1979-жылы туулган Украинанын жараны экендигин аныкташкан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.