5G эмнеге жөндөмдүү? Beeline кыргызстандыктарды мобилдик байланыштын жаңы мууну менен тааныштырат

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Nokia компаниясы менен биргеликте 16-сентябрда 5G тесттик аймагын ишке киргизди, ошондой эле бешинчи муундагы технологиялардын көргөзмөсүн тартуулады.

Сыноо аймагынын бет ачары биринчи жолу өлкөнүн аймагында – Ош шаарында өткөрүлдү. Иш-чарага санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, Beeline компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин, Кыргызстандын белгилүү блогерлери жана медиа ишмерлери, компаниянын кызматкерлери, ошондой эле Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты.

5Gни тартуулоо аземинде конокторго виртуалдык реалдуулуктагы Ping Pong VR оюн аймагы менен жабдылган кɵргɵзмɵ куполу, бешинчи муундагы технологияларынын көргөзмө аянты жана 5G-мобиль тартууланды.

Конокторду биринчилерден болуп компаниянын башкы директору Андрей Пятахин тосуп алып, ал 5G деген эмне экенин, ал кадимки 4Gден эмнеси менен айырмаланарын жана бешинчи муундагы тармак бизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кыскача айтып берди.

Андрей Пятахиндин айтымында, катардагы колдонуучулар 5Gнин киргизилишин байкашпайт. «Кадимки колдонуучу мынчалык көп маалыматты колдонбойт. Эң көп дегенде ал смартфонунун экранында 5G белгиси пайда болуп калганын байкайт. Бул технология адамдарга караганда буюмдарга ылайыкташтырылган. Мисалы, эгер биз качандыр бир күнү Бишкекте пайда болушу мүмкүн болгон автономдуу автоунаалар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда 5G бул жерде өтө зарыл, анткени унаалар бири-бири менен дээрлик ошол замат өз ара аракеттениши керек. Мисалы, Сингапурда светофорлор өз убагында күйөт, светофорлор синхрондошот жана ал жерде айдоочусуз таксилер жүрө алат, алар дал ушул 5G тармагын өнүктүрүүдөн баштаган», - деди ал.

Nokia компаниясынын аймактык директору Александр Шунин да сөз алып: «Биз Beeline менен бирге 5G технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга кубанычтабыз. Nokia 5G инновациясынын лидери жана биз бул багытта башкаларга караганда тезирээк жылып жатабыз. Биз Nokia кардарлары өз базарларына 5Gни биринчилерден болуп киргизишин каалайбыз. Биз биргелешип 5G мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө жана көрсөтүүгө даярбыз жана абоненттердин колдонуу тажрыйбасын олуттуу кеңейтүүчү жаңы муундагы инновациялык кызматтарды ишке киргизүүдө Beeline компаниясына Кыргызстан Республикасында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди ал.

Көргөзмөгө каалаган адам келип, 5Gни сынай алат. Бардык коноктор Ping Pong VR виртуалдык оюнун ойноп кɵрүштү. Бул оюн кандай ойнолот? Оюнду 2 өнөктөш же бир адам атайын VR көз айнек тагынуу менен компьютерге каршы ойнойт. Көз айнек аркылуу оюн катышуучуларга жогорку сапаттагы 3D сүрөттөрдү, визуалдык жана үн эффекттерин көрсөтөт, ошондой эле бул оюн башка ɵлкɵдɵн ойноп жаткан өнөктөштүн катышуусунун жана кербайланышынын эффектин жараткан виртуалдык реалдуулук системаларынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын катышуучулары экрандан 5G менен интернеттин акыркы муунун ортосундагы айырманы көрүштү, ошондой эле жогорку ылдамдыкта айдоо эффектин түзүүгө мүмкүндүк берген 5G-мобилдин мүмкүнчүлүктөрүн сезишти.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары ошондой эле интернеттин алгачкы таасирлерин жана байкаларлык ылдамдыгын белгиледи. «5Gнин негизги артыкчылыктарын белгилей кетейин. Биринчиден, бул ылдамдык. Экинчиден, бул чоң көлөмдөр. Мисалы, азыр бир видео 1-2 мүнөттө жүктөлсө, эми ал 1-2 секундда эле жүктөлөт. Кыргызстан интернеттин сапаты жана ылдамдыгы боюнча алдыда. 5G технологиясы бир жылдын ичинде жеткиликтүү болушу керек, анткени бизде 3 компания бар, жыштыктарды бөлүп, техникалык маселелерди чечишибиз керек», - дейт Замирбек Кожомуратов.

Иш-чарага өлкөнүн алыскы аймактарынан жана Ош шаарынан келген коноктор 5G стандартынын артыкчылыктарын жогору баалашып, тармактын жаңы мууну менен таанышууга, сынап көрүүгө жана жогорку ылдамдыктагы зымсыз маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Эске салсак, Beeline социалдык багыттагы компания катары республиканын аймагында – Ош шаарында биринчилерден болуп кызмат көрсөтүүнүн акыркы деңгээлинин мүмкүнчүлүктөрүн сынады. Beeline өзүнүн абоненттерине жана өлкөнүн тургундарына кам көрөт, демек, Бишкекте гана эмес, ошондой эле өлкөнүн облустарында жана алыскы аймактарында да технологиялык сектордун калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошот.

5G заманбап жашообузду кантип өзгөртө алат?

5G – бул берүү ылдамдыгынын, тармакты камтуунун жана ишенимдүүлүктүн жакшыртылган кɵрсɵткүчтɵрү менен 4Gни алмаштырган мобилдик байланыш тармагы.

Beeline компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин айткандай, «Смартфондордун 75% 5Gни колдойт. Эң арзан смартфондор да 5Gни колдойт. Ичинде бардыгына иштей турган чип бар. Колдонуучу үчүн 5Gге өтүү абдан оңой болот. 5G тармагы прогрессивдүү өлкөлөрдө - Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда, кээ бир Европа өлкөлөрүндө орнотулган. Кыргызстанда 5G станциялары жок. Бардык сыноолор лабораториялык шарттарда жүргүзүлөт. 5G – бул жогорку ылдамдык, колдонуучулардын ортосундагы тез жооп. 4Gде технологиялык жактан мындай мүмкүнчүлүктɵр жок», - деди ал.

5Gни киргизүү менен сиз дагы эле тексттик билдирүүлөрдү жөнөтө аласыз, чалууларды жасай аласыз, интернетти колдонуп, агымдык видеолорду бере аласыз. 5Gге өтүү менен колдонуучунун телефонунда азыр интернетке байланыштуу нерселеринин эч бири эч жакка жоголбойт — жɵн гана кызматтар жакшырат.

Веб-сайттар тезирээк жүктөлөт, мурда автоматтык түрдө башталган видеолор дагы тезирээк башталат. Онлайн оюндар мурдагыдай токтоп калбайт, Skype же FaceTime-дагы видео салмактуу жана реалдуураак болот.

5Gни үй тармагы катары колдонуу менен, сиз бир эле учурда кɵп сандагы түзмɵктɵрдү өткөрүү жөндөмдүүлүгү боюнча көйгөйлөрсүз эле интернетке туташтыра аласыз. 5G үй тармагы смартфонду, оюн консолун, эшиктин акылдуу туткаларын, виртуалдык реалдуулук гарнитурасын, зымсыз коопсуздук камераларын, планшетти, ноутбукту – бардыгын бир эле учурда бир маршруттагычка туташтырууга мүмкүндүк берет.

5G менен сиз стадиондордо интернетти үзгүлтүксүз колдонуп, Жаңы жыл түнү эл көп чогулган аянттан алыскы туугандарыңызга телефон чалып, же ар бир кадамда зымсыз кабыл алгычтары бар роботтоштурулган фабриканы башкара аласыз.

5G сенсордук системаларды колдонуу керек болгон учурларда да, мисалы, айыл чарба тармагында пайдалуу болот. Алар субстраттын абалын, мисалы, зыянкечтердин бар-жогуна же илдеттердин пайда болушун жана пестициддердин бүтүндөй талаалар үчүн эмес, белгилүү бир жерде колдонулушун тынымсыз кɵзɵмɵлдɵй алышат.

Бешинчи муун келечекте медицина кызматкерлерине роботтордун жардамы менен алыстан татаал жана так операцияларды жасоого мүмкүндүк берет. Дарыгер дүйнөнүн башка тарабындагы бейтаптарга дээрлик реалдуу убакыт режиминде операция жасай алат.

Сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан