Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаарына келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы жыйындын жыйынтыгы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча укуктук процессти эки өлкө элинин кызыкчылыгында тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

"Тараптар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан