Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы мектептин курулушуна мыйзамсыз 10 миллион сом жумшалганы белгилүү болду

Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылындагы мектептин курулушуна 10 миллион 294 миң сом ашыкча сарпталганы аныкталды. Муну бүгүн, 6-декабрда КРнын Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирди. КРнын Мамлекеттик курулуш жарандык турак жай департаментинин Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча капиталдык курулуш башкармалыгына аудит жүргүзүүдө мектептин курулушу менен алектенген “Памир Жол” ишканасы курулуш материалдарынын баасын бир нече жолу көтөрүп жибергенин аныктады. Бул иштер 2012-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 1-октябрына чейинки аралыкта болуптур. Муну менен бирге мектептин спорт залынын курулушунда баасы 110 миң сомдук сейсмологиялык түзүмүн куруу иштери аткарылган эмес.  

Факты боюнча материалдар Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан