Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам акыркы он күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева SUPER.KG порталына кайрылуу жасады.
“Баламдын тирүү экенин жүрөгүм сезип жатат. 16-сентябрь күнү сүйлөшкөндө эле “Менде баары жакшы” деген. 18-сентябрь күнү уулуңуз каза болду деген кабар келди. Уулуңуздун сөөгү деп алып келишкен сөөк менин уулумдуку эмес. Бизге андан кийин да эки сөөктү көрсөттү. Менин жүрөгүм сезип жатат. Ал тирүү. Президент Садыр Жапаровдон жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевден суранам, бизге жардам бериңиздер!”, - дейт жүрөгү эзилген эне.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>