Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча атайын комиссия түзүлдү. Курамына кимдер кирди? (тизме)

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына ар бир фракциядан экиден депутат, ошондой эле Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагалары кире турган болду.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин курамына фракциялардан төмөнкү депутаттар кирди:

"Ынтымак" фракциясынан - Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев;

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Адахан Мадумаров; Исхак Масалиев;

"Альняс" фракциясынан - Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова;

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Надира Нарматова, Нурлан Шакиев:

"Ишеним" фракциясынан - Марат Мураталиев, Улукбек Ормонов;

Элдик депутаттык тобунан - Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев.

"Ыйман нуру" фракциясы комиссиянын курамына мүчө болууга талапкер сунуштаган жок. Ал эми комиссиянын төрагасы кийинчерээк шайлана турган болду.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комиттетин маалыматында 2021-жылы Кыргызстандан 19,2 тонна алтын такталбаган өлкөгө сатылгандыгы айтылган. Август айынын аяк ченинде коомчулукта алтындын белгисиз өлкөгө сатылгандыгы сынга алынган. Президент бул боюнча алтындын кайсы өлкөгө сатылары мамлекеттик сыр экендигин билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан