Алимбаев Баткен районунун тургундары менен болгон жолугушуу тууралуу айтып берди

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев 3 күндөн бери уланып келе жаткан Баткен районунун тургундары менен болгон жолугушуу тууралуу маалымат берди.

“Жолугушуунун жүрүшүндө бир топ маселелер көтөрүлдү. Ошол эле коопсуздук, балдардын билим алуусу, үйлөрдүн курулушу боюнча маселелер айтылды. Ар бир мамлекеттик органдын өкүлү тармагы боюнча тургундардын бардык суроолоруна жооп беришти. Айтылган маселелер жана жолугушуу боюнча Камчыбек Ташиев билет. Суроо жараткан посттор боюнча, анын орун басары Уларбек Шаршеев түшүндүрмө берди”, - деди Алимбаев.

Маалымдалгандай, жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев баш болгон бир катар тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.

Буга чейин Баткенде 42-протоколго каршы чыккан тургундар өкүлчүлүктүн жанына чогулуп, аны артка кайтаруу маселесин көтөрүшкөнү кабарланган болчу.

Абдикарим Алимбаев Баткен районунун эли менен болгон жолугушуу тууралуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан