Бишкекте Ички иштер министрлигинин академиясынын кызматкерине "пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 6-декабрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
4-декабрда Башкы прокуратурага аталган академиянын К.А. аттуу кызматкери кайрылып, ИИМдин академиясынын коопсуздук кызматынын кызматкерлери 4000 сом талап кылып жатканын айтып кайрылган. Ыкчам чара көрүү учурунда академиянын коопсуздук кызматкерлери Д.Н. жана Ю.М. иш бөлмөсүнөн аталган суммадагы акча менен кармалышты. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында.
Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.