Түп районунда жасалма диплом менен иштеп жүргөн дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Түп районунун тургуну 41 жаштагы А.Шаршен Ысык-Көл облусунун Мамлекеттик университети тарабынан берилген жасалма дипломду көрсөтүп, Михайлов айылындагы орто мектепке дене тарбия мугалими болуп орношкон.
Учурда Түп РИИБнин кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.