ЖЫЛНААМА, 25-октябрь: 1910-жылы партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков туулган

1910-жылы 25-октябрда партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн.

1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги техникумду, Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген.

1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече шайланышына депутат болгон. 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш жана башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Раззаков 1979-жылы 69 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

25-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан