ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: Актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов төрөлгөн

“Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 жолу алган жалгыз кыргыз актёру

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 жолу алган жалгыз актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал жаштайынан эле атка минүүнү, ат таптоону жана комуз чертүү өнөрүн атасынан үйрөнүп алган. Мунун натыйжасында ал ат үстүндөгү ролдорду мыкты аткара билген.

Атактуу актёр 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайынан билим алып, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Сүймөнкул Чокморов 1975-жылы "Кыргыз ССРинин Эл артисти", 1981-жылы "СССРдин Эл артисти", 1990-жылы "Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү" наамдарына татыктуу болуп, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгын алган. Кинематографисттер биримдигинин “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 ирет (1962, 1972, 1974, 1978-жылдары) алган. Ошондой эле Кинематографисттер жана Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

С.Чокморов залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган "Жамийла" тасмасында Даниярдын, "Көк мелжиген тоолордо" Байтемирдин, "Кызыл алмада" Темирдин, "Эрте жаздагы турналарда" Бекбайдын образдарын жараткан. Мындан тышкары атактуу актёр кыргызстандык жана чет өлкөлүк режиссёрлордун тасмаларында мыкты ролдорду аткарган. Ал эми анын кинодогу эң алгачкы ролу режиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун образы болуп эсептелет.

Мыкты ырдап, комузда жана домбрада ойной билген

Замандаштарынын айтымында, Сүймөнкул Чокморовдун мүнөзү токтоо, боорукер, антка бекем, айкөл, кыргыздын каада-салтын бекем сактаган адам болгон. Ошондой эле актёр мыкты ырдап, комузда жана домбрада ойной билген. Сүймөнкул Чокморов көркөм сүрөт жана графика жанрындагы 800гө жакын чыгарманын автору. Алардын 27си дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. Ал 2 жолу, 1971- жана 1974-жылдары белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тарткан. Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун (1971-жыл), Кыргыз ССРинин Эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан (1973-жыл). "Апа" (1967-жыл) жана "Менин балам" (1972-жыл) аталышындагы образдар дагы сүрөтчүнүн колунан жаралган. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган. Япон жергесиндеги киноискусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө актёр япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.

Бөйрөгүнө 55 жолу операция жасалса да, кинодогу ролдорун дублёрсуз-каскадёрсуз аткарган

Залкар инсандын ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2005-жылы Чокморовго арналган почта маркасы чыгарылып, ошондой эле 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасында С.Чокморовдун элеси түшүрүлгөн. С. Чокморовдун бөйрөгү ооругандыгына байланыштуу өмүрүндө 55 жолу операция жасалат. Оорусуна карабастан актёр кинодогу ролдорун дублёрсуз-каскадёрсуз ойногон. Кыргыздын тарыхында өчпөс из калтырган белгилүү инсан 1992-жылы 53 жашында оорунун айынан дүйнөдөн кайткан. Залкар инсан 3 уулдуу болгон. Тун уулу Бактыгул жаштайынан баш кошкон өмүрлүк жары Салимадан, Эргул менен Азамат кийинки жубайы Нуржандан.

... "Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,

Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй

Элестелип бүт дүйнөгө таркады,

Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй"

Жолон Мамытов

9-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан