1983-жылы 12-ноябрда ырчы, комузчу Кундуз Таштаналиева Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында төрөлгөн.
Мектепти аяктаган соң Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, элдик ыр бөлүмүн аяктаган.
Ырчынын репертуарындагы ырлар – "Сакта", "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Күтүлбөгөн жаз" жана башкалар.