Beeline "Викторина" элементтери бар акциянын алкагында 3 000 000 сомдун жеңүүчүсүн жарыялады

Beeline Викторинанын элементтери бар акциянын экинчи этабынын жыйынтыгын чыгарды. 18-ноябрда "Дордой Плаза" соода борборунда Beeline «Викторинанын» элементтери бар акциянын жеңүүчүсүнө 3 000 000 сом тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Сыйлык тапшыруу аземинин коноктору үчүн «Mirrors» бий тобунун жана «КЕНЧ» дуэт-комузчулар тобунун аткаруусунда маданий программа тартууланып, баалуу белектер ойнотулду. Ойнотууга соода борборунун кардарлары, анын ичинде балдар активдүү катышты. Андан соң Бишкек шаарынын тургуну Азамат Танкеевге 3 миллион сомдук сертификатты салтанаттуу түрдө тапшырышты. Жеңүүчүгө сертификатты Beeline компаниясынын коммерциялык директору - Александр Атаманов тапшырды.

Эскерте кетсек, «Викторинанын» элементтери бар Акциянын үчүнчү финалдык этабы 15-ноябрда башталган, ал 2022-жылдын 24-декабрына чейин созулат. Бул жолу ушундай эле, XIAOMI REDMI смартфондору жана 2022-жылкы жаңы Kia Seltos унаасы ойнотулат.

Катышуу үчүн *2323# буйрутмасын териңиз же көңүл ачуу кызматтары бөлүмүндө "Мой Beeline KG" тиркемеси аркылуу кошулуңуз.

«Викторинанын» элементтери бар акциянын суроолоруна жооп бериңиз жана туура жооптор үчүн упайларды алыңыз. Ошондой эле балансыңызды толуктаңыз, тарифтерге ылайык ай сайын төлөм төлөңүз, *2200# буйрутмасы аркылуу топтомдорду жаңыртыңыз жана упайларды алыңыз. Мисалы, абонентте PRO+Иви интернети үчүн Бирге тарифи кошулган болсо, катышуучу тарифтик план боюнча абоненттик төлөм алынганы үчүн гана автоматтык түрдө 180 000 упай алат. Ар кандай кызматтарды активдүү колдонуу үчүн канча упай ыйгарылары тууралуу кененирээк «Викторина» кызматынын расмий сайтынан биле аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан