Султанбекова: "Бишкекти таштанды басып кетти, мэр эмне иш кылып жатканы белгисиз"

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Чолпон Султанбекова Бишкекти таштанды басып кеткенин айтып, мэр эмне иш кылып жатканына кызыкты.

"Мэриңер эмне иш кылып жатат билбейм. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин маянасы жогорулады деп аябай жарнама кылышты эле. Бирок бүгүнкү күндө Бишкектин кайсы районуна барба таштанды толуп кетти. Тазалап алып чыккан адам жок болуп жатат. Мэриңизди чакырып ушул маселени карап койбойсуңарбы", - деп кайрылды Султанбекова президенттин парламенттеги өкүлүнө.
Ошондой эле ал маселени министрлер кабинетинин төрагасына айта барууну кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан