Юстиция министрлиги “Ата Мекен баатыры” жана “Эмгек баатыры” аттуу жаңы сыйлыктарды түзүүнү сунуштоодо. Ведомство “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, документ коомдук талкууга коюлду.
Маалыматта жогоруда аталган сыйлыктар эрдик менен мамлекеттик сыйлыктын пропорционалдуулугун камсыз кылуу, ошондой эле курман болгон баатырлардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында иштелип чыккан.
Юстиция министрлиги эки мамлекеттик сыйлыктын өзгөчө категориясын – “Ата Мекен баатыры” жана “Эмгек баатыры” айырмачылык даражасын белгилөөнү сунуштоодо. Бул белгилер Кыргызстанда мурда белгиленген ордендер менен медалдардын үстүнөн мамлекеттик сыйлыктардын тизмесинде болот.
Долбоордо ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүгө жана анын статусун жогорулатууга кошумча дем берүү менен өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп жаткан ишкерлердин маанисин көрсөтүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери" ардактуу наамы да сунушталган.
Мындай кадам менен министрлик мамлекеттик сыйлыктардан жана ардак наамдардан ажыратуу тартибин иретке келтирүүнү көздөөдө.