Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайдын Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Талас облусунан келген делегат Айдар Момунтаев шайланды. Мындан тышкары комиссиясынын курамына 9 адам кирди. Алар:
Баткен облусунан Касиет Мырзаева;
Жалал-Абад облусунан Жылдызбек Абибакир уулу;
Нарын облусунан Нургүл Өмүрова;
Ош облусунан Бекболот Мусаев;
Талас облусунан Айдар Момунтаев;
Чүй облусунан Эстебес Ырыскелдиев;
Ысык-Көл облусунан Кайратбек Ибраев;
Бишкек шаарынан Айнура Абдыгулова;
Ош шаарынан Элмира Сатыбалдиева.
Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан келген 1 072 делегат катышууда.