Тазабек Икрамов: "Соттор жогору жактан келген гана тапшырмаларды аткарып калды"

Соттор жогору жактан келген гана тапшырмаларды аткарып калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов билдирди.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору тууралуу баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан.

Анда мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, кандайдыр бир кылмышка шектелген жарандын камакка алынган мүлкүн кайра чыгаруу укугу бир гана сотторго берилип жатканы маалым болду. Абдиев эл өкүлдөрүнө мурда мындай укук тергөөчүлөрдө дагы бар болгонун түшүндүрдү.

Ага Тазабек Икрамов миллиондорду уурдагандар эркиндикте жүргөнүн айтып, "Соттор адилеттүү иштеп жатабы?" деген суроо салды. Эл өкүлүнө Абдиев соттор адилеттүү иштеп жатат деп айтууга толук негиз бар экенин билдирди.

Андан соң Икрамов соттор бир тараптуу иштеп, жогору жактан келген тапшырмаларды гана аткарып жатканын белгиледи.

Депутат Шайлообек Атазов кесиптешине мындай суроону элге бериш керектигин айтты.

"Сот адилеттүүлүгү кандай иштеп жатканын элден сурасаңыз. Карга карганын көзүн чукубайт дегендей, буларга берсеңиз ушундай жооп берет да", - деди Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан