Өлкөдө ипотекага берилчү үйлөр курула баштады

Ипотеканын алкагында Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып, долбоордун эскиздери менен бөлүштү.

"Биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ички жана тышкы миграцияны токтотуу боюнча планы бар экенин, пайыздык чени 14 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүлгөн ипотекага үй алууга мамлекет шарт түзө турганын белгилеген.
Айтылган убада узакка созулбай, президенттин иш башкармалыгы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көп кабаттуу үйлөрдү курууну баштады", - деди Орунбеков.
Маалыматта үйлөр кайсы жерге курулуп жатканы боюнча айтылган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан