Бүгүн, 2-декабрга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "Е" жана "F" тайпаларынын акыркы турдук оюндары болуп өттү.
Япония курамасы Испанияны (2:1) жеңип, Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты. Жапондор "Е" тайпасында биринчи орунду, испаниялыктар экинчи сапты ээледи.
"F" тайпасында Марокко менен Хорватия курама командалары 1/8 финалга чыгышты. Марокколуктар канадалыктарды 2:1 эсебинде жеңип тайпада биринчи орунду алса, Хорватия Бельгия менен 0:0 эсебинде тең чыгып, экинчи орунду ээледи.
Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалы: Япония - Хорватия (5-декабрь);
"Эль-Жануб" стадиону (Аль-Вакра шаары);
Марокко - Испания (6-декабрь);
"Эдьюкейшн Сити" стадиону (Эр-Райян шаары).
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Буга чейин плей-оффто төмөнкү жуптар ойной турганы белгилүү болгон: Нидерланды - АКШ, Англия – Сенегал, Аргентина – Австралия, Франция – Польша.