ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагуловдун төрагалыгынын алдында Талас облусунун аймагындагы орун алган жол кырсыктары жана аларды чечүү жолдоруна багытталган жыйын өткөрүлдү.
Анда бир нече маслелер каралганын басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
-Жол кырсыктарына туура талдоо жүргүзүп, аны чечүүдө өздүк курамды жана тийиштүү күч каражаттарды туура колдонуу менен жолдогу күзөт ордуларын күчөтүү;
-Санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлерге берилген камера, автоураган, планшет өңдүү кызматтык каражаттарды туура колдонуу;
-Өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, сапатына жана натыйжалуулугуна көңүл буруу;
-Кызматкерлер арасында насаатчылыкты колго алуу менен тартип жана мыйзамдуулукту сактоо;
-Жол унаа кырсыктардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен үгүт-насаат иштерин жүргүзүүнү колго алуу.
Жыйындын соңунда башкармалыктын жетекчисинин орун басары тарабынан жогорудагы орун алган кемчиликтерди жоюу менен келе жаткан жарым жылдык жыйында кызматына кайдигер караган кызматкерлердин жоопкерчиликтери каралаары эскертилди.