"Германиянын тагдырында миллиметр". Япониянын голунда топ сызыктан чыгып кеткенби? (фото)

Япония курама командасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы турдук оюнунда Испанияны 2:1 эсебинде утуп алды.

Япония курама командасынын экинчи голун бир катар күйөрмандардын пикиринде калыстар эсептебеши керек болчу. Сүрөттө көрүнгөндөй Ао Танакага пас берген Каору Митомага тийгенге чейин топ чийинден чыкканы көрүнүп турат. Бирок калыстар топтун проекциясы сызыкка тийгенин аныкташты.

Дал ушул голдун айынан Германиянын курама командасы плей-офф баскычына чыга албай калды.

Япондор үч турдан кийин алты упайга ээ болуп, “Е” тайпасында биринчи орунду ээледи, испаниялыктар төрт упайга ээ болуп, экинчи орунду ээледи. Эки команда тең Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан