Коста-Рика курамасынын футболчусу Ельцин Техеда өзүнүн атын түшүндүрүп берди

Футбол боюнча Коста-Рика курама командасынын жарым коргоочусу Ельцин Техеда эмне үчүн анын аты Ельцин аталып калганын айтып берди. Бул тууралуу Спорт-экспресс басылмасы жазды.

Ал чындыгында анын ысымы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин ысымы менен байланыштуу экенин моюнуна алган.

"Ата-энем Орусиянын президентинин фамилиясын абдан жактырышкан, ошондуктан мага дагы ушундай ысым ыйгарышкан", - деген ал.

Анын айтымында, ал Ельциндин өмүр баянын жакшы билбейт, бирок анын ким экендиги жөнүндө жалпы түшүнүгү бар. Футболчу өзүнө ысымы абдан жагарын дагы баса белгилеген.

Ельцин Техеда 30 жашта, ал өз өлкөсүнүн "Хередиано" футболдук клубунда, ошондой эле улуттук курама командада 2011-жылдан бери ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан