Ташкентте Казак-Өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюлду

Ташкентте Казак-Өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюлду. Мындай кадам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда жасалды. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын президентинин маалымат кызматы таратты.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек араны (2 миң 300 чакырым) тактоо иштери 2003-жылы башталган.

Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзийоев саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алаканы кеңейтүүнү талкуулашты. Жыйынтыгында 15тен ашык келишимге кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан