Индияда мөндүр аралаш катуу жаан жаап, 18 миңдей киши жаракат алды

Индиянын Ассам штатынын тоолуу аймактарында мөндүр аралаш катуу жаан жаап, анын натыйжасында 18 миңдей тургун жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, катуу жааган жамгыр 132 калктуу конушта 4500 үйгө зыян келтирип, талкаланган. Учурда мектеп жана дүкөндөр жабык.

Ошондой эле нөшөрлөп жааган жамгыр жана коюу тумандан улам кырсыктан жабыркаган аймактар ​​менен транспорт байланышы жана калкка жардам көрсөтүү кыйындап жатканы айтылат.

Синоптиктер болсо, жер көчкү жана таш кулоолордун жогорку ыктымалдуулугун эскертишүүдө. Мындан сырткары, штатта дагы бир нече күн жаан жаай турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан