Аномалдуу суукка байланыштуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги газ өчүрүлүшү мүмкүн экендигин билдирди

Кошуна өлкөнүн энерготармагында күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу чаралар көрүлөт деп маалымдашты Өзбекстандык ММКлар.

Биринчи кезекте ири өндүрүштүк ишканаларга газ берүү токтотулат. Мындан тышкары газ куюучу станцияларга дагы чектөө киргизилмекчи.

Жылуулук берүүчү электростанциялардын жана жылуулук борборлордун стабилдүү ишин камсыздоо максатында, суткасына орточо эсеп менен 49 млн. куб метр жаратылыш газы берилип турат. Колдонуучуларга суткалык көмүрдү жеткирүүнүн көлөмү 5000ден 8000 тоннага чейин жогорулатылмакчы.

Энергетика министрлигинен кошумчалашкандай, диспетчерлер электр энергиясын эки сааттан ашык өчүрбөшү керек.

Электр жана газ менен күнү-түнү иштеген ишканаларда бузула турган же туура эмес иштеген учурларды жөнгө салуу максатында 1000ден ашык атайын бригадалар түзүлгөн.

Буга чейин «Курсив» маалымдагандай, Энергетика министрлиги жаңы блэкаутту да четке какпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан