Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт саат 17:13тө толук өчүрүлдү.

"Өрттү өчүрүүгө саат 12:25тен тарта Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү, суу ташуучулар жана куткаруучулар тартылды.
Ошондой эле ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматы тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Тилсиз жоо саат 14:55те чектөөгө алынган жана жабыркагандар жок экени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-24 21:30:00
Жабыркагандар жок деп үмүттөнөбүз. . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан