Төрөбаев Өзбекстандын инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты.

Жолугушууда тараптар 26-27-январында Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлуучу эки тараптуу документтер тууралуу сүйлөштү.

"Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин", - деди Төрөбаев.

Ал эми Лазиз Кудратов "Эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенем", - деген.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында 18 жана “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-24 21:27:00
экономиканы жакшыртат деп үмүттөнөбүз. . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан