Ноокатта 7 жаштагы баланы урган окуя боюнча териштирүү жүрүүдө

Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы тамактануучу жайда 7 жаштагы баланы урган окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБи тарабынан маалым болду.

27-январда интернетте Ноокаттын аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткан видео жарыяланган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Билдирмеге ылайык, 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагынын тургуну 7 жаштагы М.А.ны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинде 30 жаштагы Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну О. уулу Т. уруп, денесине жаракат келтирген.

7 жаштагы балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 16:12:00
Жакын арада чечилет деп үмүттөнөбүз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан