
Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3:10до Украинадагы Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып, Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, ал 22-июнь таң эрте Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок немистер таңдын атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30да чабуулга өтүшкөн. Ошентип экинчи дүйнөлүк согуш башталган.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукулу аял болгон. Өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун согушка жөнөткөн жана согуш жылдары өлкөгө 300 миңден ашык жаңы тургундарды кабыл алган. 30 миңден ашык кыргызстандыктар республикадан тышкары аскердик өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн. Жалпы 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болду.
Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз – Дүйшөнкул Шопоков. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 71 жоокер Советтер Союзунун баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер "Даңк" орденинин үч даражасы менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер "Даңк" орденинин үч даражасын тең алган.