Кыргызстандагы ЖОЖдордо 37 миңден ашуун Өзбек жараны билим алат

Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларында 37 миңден ашуун Өзбекстандын жараны билим алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.

Алардын ичинен студенттердин эң көп саны төмөнкү ЖОЖдордо:

  • Ош мамлекеттик университетинде - 12 миң 280;
  • М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде - 10 миң 136;
  • Кыргыз-Өзбек университетинде - 6 миң 229;
  • Баткен мамлекеттик университетинде - 3 миң 326 студент жана башка.

Мындан тышкары Өзбекстандын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн жыл сайын Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынан бюджеттик орундар бөлүнөт.

"Алсак, 2022-2023-окуу жылына карата кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан Республикасынын жараны болгон 25 этникалык Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖго кабыл алуу үчүн сунушталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jam77
2023-01-28 20:25:00
Ооба көп..
0
jam77
2023-01-28 23:18:00
жакшы билим берүү үчүн...
0
raykray
2023-01-29 02:07:00
jam77 адашасын арзан болгону учун окушат! Аларда кымбат, анан КР диплом мн ишке кируу ото оор КР билими сапатсыз деп! Даже кээбир кесип ээлерин вообще албайт КРдан бутуп барса кайсылар эле эсимде жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан