Кара-Сууда ок атуучу куралдан 2 адам жаракат алды

Ош облусунун Кара-Суу районунда ок атуучу куралдан 2 адам жаракат алды. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, 27-январда саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жараат алып Ош шаардык бейтапканага түшкөндүгү кабарланган.

Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Такталгандай, 27-январда саат 19:15 чамасында Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен 30-35 жаштардагы белгисиз ок атуучу куралчан, камуфляж формасын кийишкен жарандар келишкен. Алар үйдүн короосуна киришип, аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн Тайота Ленд Крузер 200 жол тандабасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Октон 2 жаран жаракат алган. Алардын бири 32 жаштагы М.А., ич тарабына жараат алып жандандыруу бөлүмүнө, экинчиси 21 жаштагы Т.А., бутуна ок тийип ооруканага жатышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-берене (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБинин короосуна токтотулган.

Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-28 23:15:00
Жабырлануучу жакшы деп үмүттөнөбүз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан