Ноокатта 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районундагы кафеде 7 жаштагы баланы урган шектүү кармалды. Маалыматты облустук милициядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, шектүү 30 жаштагы О. уулу А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Кечээ, 27-январда интернетте Ноокаттын аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткан видео жарыяланган. Ош ОИИБи окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган болчу.

Жабырлануучу балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jam77
2023-01-28 20:35:00
чектерден тышкары..
0
AiKur
2023-01-29 14:45:00
Бул кимиси болот экен ал баланын.? Толук маалымат берсенер боло. Бир буюмду сындырып койсо же тополон кылып бир буюмга зыян келтирсе бейбаштык болсо керек. Бир АДАМДЫ уруп согуп койсо ал да бейбаштыка киреби? Зомбулук эмеспи?
0
Ozgocho111
2023-01-29 20:03:00
кандай болгон кундо да жооп берсин, жон эле жапжакшынакай болуп чай ичип отурат го , кичинекей эле балдар экен . Берки эки чооон эле аялдардын кайдыгер караганына соз жок...Керт башы менен жооп берсин.Уятсыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан