Президенттин администрациясы: "Акылбек Жапаровду каралоо жүрүп жатканы байкалууда"

Социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал сын-пикирлер фактылар менен бекемделбей жатканына өкүнүч келтирген.

"Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз.

Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, министрлер кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.

Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда", - деп жазган ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга дайыма даяр экендигин белгилеп өткөн.

"Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз" деп кошумчалаган Орунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2023-01-29 17:00:00
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ушул киши чооң кызматтарда иштеп келди. Бирок ушул убакка чейин эч бир жерде жыргатпады го
+2
Zynk
2023-01-30 03:53:00
Жеке эле каралоо эмес кирчу жерине кирет бул темпте!
+2
Azat-123
2023-01-30 08:01:00
Садыр Нуркожоевичти ушул подстава кылышы мүмкүн, бирок кудай сактасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан