Баткенде салмагы дээрлик 3 тонна контрабандалык лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Караван айылында М.М. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа текшерилген.
"Унаадан жалпы салмагы 2 тонна 775,5 килограмм түзгөн лимондор табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 138 миң 775 сомду түздү.
Бул факт боюнча материалдар Бажылык териштирүү тобуна өткөрүп берилди.