Ноокат районунда диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткан 25 жаштагы жарандын иши сотко ашты. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
"Тиешелүү кызматтын өкүлдөрү тарабынан жогорудагы жарандын Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде таратып жүргөндүгү аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Топтолгон материалдын негизинде "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш белгилеринин негизинде иш козголуп, соттун кароосуна өткөрүлдү.