Бишкектин четиндеги Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналына эркек адам түшүп кетип изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Чоң Чүй каналына 1968-жылы туулган В.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине 7 куткаруучу, 1 жел кайык, ИИМден 5 кызматкер, туугандарынан 3 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 2-февраль күнү издөө иштерин улантуу максатында 8 куткаруучу жана жел кайык тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.