Өмүрзаков АРИСтин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-февралдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков таза суу программасы боюнча Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө эл тарабынан нааразычылык көп экенин билдирди.

"Акыркы жылдары АРИСтин жасаган иштерине эл тарабынан нааразычылык көбөйдү, өзгөчө таза суу программасы боюнча. Көп суммадагы акча бөлүнүп берилет, бирок аягы жок, кайда кеткени белгисиз деп жатышат. Мисалы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жашоочулары кайрылышты, "таза суу чыгарууга 220 миллион сом бөлүнгөн, бирок аягына чыккан жок, бөлүнгөн акча кайда жумшалганы белгисиз" деп жатышат. Мындай нааразычылыктар башка аймактарда да бар", - деди Өмүрзаков.

Ошондой эле ал тиешелүү кызматкерлерди парламентке чакыртып АРИС акыркы беш жылда эмне иштерди аткаргандыгы тууралуу маалымат алууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 02.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан